Чөйрө

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер.

Ар тармактагы адистер жана ар-кандай кесиптин ээлери, эксперттер жана идеалист, визионист, алтруист инсандар бириккен уюм.

Идеяларды ишке ашырууда өзүнө төп келген адамдар менен табышуу жана алардан жардам алуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк.

Түрлүү инсандардын адамдарга зарылчылыгы бар, керектүү жана пайдалуу продуктыларды өндүрүүдө жана кызматтарды пайда кылууда өнөктөштөрдү табуу үчүн платформа.

Максаттарды, каалоо-тилектерди, кыялдарды бириктирген жана бири-бирине байланыштырган борбор. Жакшы ниеттердин, баалуулуктардын жана принциптердин уюгу.

Чөйрөнүн идеясы

Чөйрөнүн принциптери

БИЗ ЖАРАТАБЫЗ

Бул чөйрөдө биз жаратабыз, анткени биз жаратканды жана жаратмандыкты жакшы көрөбүз. Биз ойлоп табабыз, пайда кылабыз жана жасайбыз. Ал гана эмес, биз эмнелерди жакшырта алсак, ошол нерселерди жакшыртабыз, оңдоп-түзөйбүз жана өнүктүрөбүз.

БИЗ АКТИВДҮҮБҮЗ

Биз бирөө бизге иш берип, тапшырма бөлүштүрөт деп күтпөйбүз. Өз демилгебиз менен өзүбүзгө өзүбүз иш жаратып, аны аткарууда өз алдынча жөндөмдөрүбүзгө жараша жана мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карата орундарды ээлейбиз. Биз үчүн статус жана акча каражаты жаратуунун жаңы мүмкүнчүктөрүн ачкан, маанилүү ресурстар.

БИЗ ЖАРДАМДАШАБЫЗ

Чөйрөгө жаңы кошулган адам менен жаңы таанышканда же жаңы идеяларды укканда биздин бере турган биринчи сурообуз: «Сизге (же сага) кантип жардам берсем болот?». Биз жардамга жардамды айырбаштабайбыз, ага жооп катары бирдеме үмтөтпөйбүз, эмгек акы күтпөйбүз же башка нерселерди талап кылбайбыз. Биз жөн гана дүйнөдө көп жакшы нерселер жаралсын, болсун жана орундалсын үчүн чын дилибизден өз ыктыярыбыз менен жардам беребиз.

БИЗ ИШЕНЕБИЗ

Биз жаратууга, жардам берүүгө, маанилүү иштерди жасоого кызыктарбыз. Алдоо, шектенүү жана текшерүү менен алектенгидей убактыбыз жок. Ошондуктан чөйрөгө келгендер ак ниеттүү экенине, чөйрөнүн идеясын жана философиясын түшүнүп, анын принциптерин кабыл алып, эрежелерине таянаарына чын дилибизден ишенебиз.

БИЗ БӨЛҮШӨБҮЗ

Биз идеяларыбыз жана тажрыйбаларыбыз менен ачык эле бөлүшөбүз. Биз баскан жолубуздун жакшы, пайдалуу жана жеңил гана жактарын айта бербейбиз, анткени биз кызыксыз, ийгиликсиз жана жөндөмсүз көрүнүүдөн коркпойбуз. Конструктивдүү сынды ар дайым туура кабыл алабыз жана иштерибизди жакшыртууда колдонобуз.

БИЗ ТЕҢБИЗ

Бул чөйрөдө улуу-кичүү, кары-жаш, аял-эркек деген, социалдык статуска, адистикке жана илимий даражага байланыштуу же чөйрөгө мурун-кийин кошулгандардына карата айырма болбойт. Биз баарыбыз бирдейбиз жана теңбиз. Бири-бирибизге кыйындыгыбызды далилдеп же күч сынашып отурууга зарылчылдыгыбыз жок. Илим-билимибиз, акча-каражатыбыз биздин идентификациябыз эмес, алар биздин жаратууга пайдалуу жана керектүү гана ресурстарыбыз.

Чөйрөбүздү бирге курабыз

Чөйрөнү дүйнө жүзү боюнча отуздан ашык адам биргеликте жаратат жана аны жандандырып, жаңылантып, үзгүлтүксүз өнүктүрүп турат. Чөйрөгө мүчө болууда чек коюлбайт жана анын эшиги идеалисттер, визионисттер, жаратмандар жана алтруисттер үчүн дайыма ачык.

Телефонуңузга жүктөп алыңыз

Чөйрөгө кошулуу

Чөйрө платформасына мурунтан катталган болсоңуз, катталууда колдонгон электрондук почтаңыз жана сырсөзүңүз (паролуңуз) менен кириңиз. Кирүү үчүн, электрондук почта дарегиңизди жазып, сырсөзүңүздү кошуңуз да, ‘Кирүү’ баскычын басыңыз.

Эгер сырсөзүңүздү унутсаңыз, кайрадан жаңы аккаунт ачуунун кажети жок. Сиз электрондук почтаңызды жазып, сырсөздү калыбына келтирүү үчүн шилтеме алсаңыз болот.

Кантип катталабыз?

Бул жерде сиздин жеке электрондук почта дарегиңизди көрсөтүшүңүз керек. Электрондук почтаны туура жазганыңызга көз жеткизиңиз, анткени катталууну аяктоо үчүн жана аккаунтуңузду активдештирүү үчүн сиздин почтаңызга шилтеме жиберилет. Бул шилтеме аркылуу сиз өзүңүздүн аккаунтуңузду активдештире аласыз.

Бул жерге сырсөзүңүздү жазыңыз. Тандалган сырсөз эсиңизде калгыдай болушу керек. Сырсөз күчтүү жана коопсуз болушу үчүн, ар кандай чоң жана кичине тамгаларды аралаштырып, ошондой эле сандарды жана символдорду кошуп жазыңыз.

Мисалы: a3Ma@t23!ch

Чын атыңызды жазыңыз. Атыңызды латынча же кирилица менен жазсаңыз болот. 

Чын фамилияңызды жазыңыз. Кыргызча -ов же -ова кошпой жазсаңыз дагы туура болуп эсептелет.

Бул жерде сиз өзүңүздүн аккаунтуңуз үчүн ат тандап алышыңыз керек. Бул ат сиздин аккаунтуңузду башка колдонуучулардан айырмалап турган уникалдуу идентификатор болуп саналат. Ат тандоодо төмөнкү эрежелерди эске алыңыз:

  • Колдонула турган символдор: латын алфавитинин кичинекей тамгалары (“a-z”), сандар (“0-9”), сызыкчалар (“-“), алдыңкы сызыкча (“_”) жана чекит (“.”).
  • “Invalid Аккаунттун аты” деген эскертме пайда болсо, бул сиз тандап алган ат эрежелерге дал келбей жатканын билдирет. Мындай учурда, атты кайра карап чыгыңыз жана жогорудагы эрежелерге ылайыкташтырыңыз.

Аккаунттун атын туура тандоо маанилүү, анткени бул сиздин онлайн идентификацияңыздын негизги бөлүгү болуп саналат жана кийинки этаптарда сизди башка колдонуучуларга таанытууга жардам берет.

Бул бөлүмдө сиз азыркы учурда жашап жаткан мамлекетти тандашыңыз керек. Эгерде сиз өзүңүздү мекениңизди Кыргызстан деп эсептесеңиз да, бул жерде азыр жашам жаткан мамлекетти тандоо зарыл. Мисалы, эгерде сиз учурда Германияда жашасаңыз, ошол мамлекетти тандаңыз.

  • Эгерде тизмеде сиз жашап жаткан мамлекет жок болсо, бул маалыматты атайын көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине (azamat@toktakunov.com) жөнөтүшүңүз зарыл. Бул аракет сиздин жашаган мамлекетти каттоо тизмесине кошуу үчүн жасалат.

Маалыматты туура берүү маанилүү, анткени бул сиздин жеке маалыматтарыңызды так жана туура кармоого жардам берет, ошондой эле келечекте кайсы бир кызматтарга же мүмкүнчүлүктөргө катышууда сиздин географиялык жайгашкан жериңиз маанилүү болушу мүмкүн.

Бул бөлүмдө сиз өзүңүздүн телефон номериңизди, анын ичинде WhatsApp колдонсоңуз, аны да киргизүү керек. Бул жерде негизги эреже – эл аралык форматта номер жазуу:

  • Номерди жазганда пробелсиз (боштуксуз) жазуу керек. Мисалы, Кыргызстан үчүн номер +996 менен башталып, андан кийинки сандар кетет.
  • Сиз жашаган мамлекеттин эл аралык кодун жана телефон номериңизди так жазыңыз. Мындай форматта жазылган номер сизге жана башкаларга байланышууда жеңилдик түзөт.
  • Эгерде сиз коопсуздукка карата тынчсызданып жатсаңыз жана телефон номериңизди бергиңиз келбесе, аны жазбай коюуга укугуңуз бар. Эске алыңыз, бул маалымат платформадагы башка колдонуучулар үчүн да көрүнүп турат.

Бул маалыматты берүү сизге платформадагы башка колдонуучулар менен түздөн-түз байланышууга жардам берет. Ошондой эле, бул сизге керектүү болгон учурда тез арада байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, коопсуздукту эске алуу маанилүү болгондуктан, эгерде сиз каалабасаңыз, телефон номериңизди көрсөтпөй коюуңуз мүмкүн.

Бул бөлүмдө сиз өзүңүздүн башкы кесибиңизди тандашыңыз керек.

Эгерде сиздин кесибиңиз тизмеде жок болсо, бул маалыматты атайын көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине (azamat@toktakunov.com) жөнөтүшүңүз зарыл.

Сиздин кесибиңизди белгилөө маанилүү, анткени бул сизге келечекте тиешелүү кызматтарга же мүмкүнчүлүктөргө катышууда көмөк болушу мүмкүн.

  • Адилет багыты
    • Адвокат
    • Юридический консультант
    • Нотариус
    • Судья
    • Прокурор
  • Агро-айыл-чарба сектору
    • Фермер
    • Агроном
    • Ветеринар
    • Токойчу
    • Балыкчы
  • Билим берүү
    • Мугалим
    • Тарбиячы
    • Тренер
    • Илимий изилдөөчү
  • Бизнес чөйрөсү, жеке ишкер
  • Жаратмандуулук кесиптери
  • Лингвистика жана тилдер
    • Чет тилдер
  • Саламаттыкты сактоо
    • Доктур
    • Медайым
    • Фармацевт
    • Терапевт
    • Тиш доктур
    •  
  • Инженердик илимдер / Инженерные науки
    • Инженер-куруучу
    • Механик инженер
    • Электротехник
    • Инженер-химик
    • Архитектор
    • Жол куруу
  • Маалымат технологиялары (IT-багыты)
    • Програмчы
    • Администратор
    • Тестирлөө
  • Финансы, банковское дело
  • PR, Marketing, SMM, CRM
  • Туризм жана саякаттоо 
    • Гид
    • Официант
    • Отель менеджер
    • Туроператор
    • Ашпозчу
  • Экономикалык багыт
    • Экономист
    • Финансалык аналитик
  • Илим жана изилдөө
    • Научный исследователь
    • Лабораторный ассистент
    • Физик
    • Биолог
    • Химик
  • Мамлекеттик кызматтар
  • Өнөр жай / Промышленность
  • Журналистика
    • Редактор
    • Теле- и радиожурналист
    • Фотокорреспондент
    • Интернет-журналист
  • Экология
  • Психология

Бул бөлүмдө сиз катталуунун максатын тандоо керек. Бул жерде көрсөтүлгөн максаттардын арасынан сиз үчүн эң туура келгенин тандаңыз. Бул максаттар көптөгөн ар кандай варианттарды камтышы мүмкүн

  • Эгерде сиздин максатыңыз тизмеде жок болсо, бул тууралуу сунуш жазып, атайын көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине (azamat@toktakunov.com) жибериңиз. Бул сиздин максатыңызды каттоо тизмесине кошуу үчүн керек болот.

Бул бөлүмдө сиз өзүңүз жөнүндө, ошондой эле сиздин идеяларыңыз, долбоорлоруңуз жана кызыкчылыктарыңыз жөнүндө кенен маалымат бере аласыз. Бул textarea типтеги талаа, бул жерде сиз тексти кеңири жана эркин форматта жаза аласыз.

  • Бул бөлүмдө сиз өзүңүздүн жеке маалыматыңызды, кесибиңизди, кызыкчылыктарыңызды жана умтулууларыңызды баяндап берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Мисалы, эмне үчүн бул платформаны тандаганыңызды, кандай идеяларды же долбоорлорду ишке ашыргыңыз келгенин, же кайсы бир атайын кызыкчылыктарыңызды айтып бере аласыз.
  • Бул маалымат платформадагы башка колдонуучуларга сиз жөнүндө жакшыраак түшүнүк берет жана алар менен кызыкчылыктарыңызды же максаттарыңызды бөлүшүүдө пайдалуу болот.
  • Сунуштар, суроолор же кандайдыр бир долбоорлор жөнүндө да жазсаңыз болот. Бул маалымат сиз менен башка колдонуучулардын ортосунда пайдалуу байланыштарды түзүүгө жардам берет.

Бул бөлүмдө сиз өзүңүздүн ой-пикирлериңизди, кызыкчылыктарыңызды жана долбоорлоруңузду эркин баяндап берүү менен, өзүңүздүн профилиңизди башкаларга кызыктуу жана таасирдүү кылып көрсөтө аласыз. Бул маалымат платформада сиз менен бирдей кызыкчылыктарга ээ колдонуучулар менен байланышууга жана пайдалуу кызматташтыктарды түзүүгө жардам берет.

Бул бөлүмдө сиз ар кандай социалдык тармактарда бар болгон аккаунттарыңыздын шилтемелерин белгилөөгө тийишсиз. Бул жерде аккаунттун атын гана эмес, ошол социалдык тармактардын аккаунттарынын толук шилтемесин даректерин көрсөтүү керек. Бул маалымат сизге башка колдонуучулар менен байланышууга же сиздин профилиңизди текшерүүгө кызыккан адамдарга жардам берет.

  • Facebook үчүн: Аккаунтуңуздун толук URL дарегин киргизиңиз, мисалы “https://facebook.com/accountname”.
  • Instagram үчүн: Аккаунтуңуздун толук URL дарегин киргизиңиз, мисалы “https://instagram.com/account”.
  • LinkedIn үчүн: Аккаунтуңуздун толук URL дарегин киргизиңиз, мисалы “https://www.linkedin.com/in/account/”.

Бул маалыматты берүү менен сиз өзүңүздүн социалдык тармактарда болушуңузду жана ал жердеги иш-аракеттериңизди башка колдонуучуларга жана кызыкдар тараптарга көрсөтөсүз. Эгерде сиз соц. тармактарды колдонбосоңуз, анда толтурбай эле койсоңуз болот. Ошондой эле, бул маалымат сиздин кесиптик жана жеке брендиңизди чыңдоого жана башкалар менен байланышууга жардам берет. Бирок, эске алуу керек, бул маалымат платформада көрүнүктүү болот жана коопсуздукка байланыштуу чечимди сиз өзүңүз кабыл алышыңыз керек.

Катталган соң

Акыркы кадам. Эгерде сиз баардык маалыматтарды туура жана так толтурсаңыз, анда сиз “Катталдыңыз. Кирүүдөн мурун, биз сизге жөнөтүлгөн кат аркылуу электрондук почтаңыздын дарегин ырасташыңыз керек” деген жоопту көрөсүз. Бул кадамды аткаруу үчүн төмөнкү аракеттерди жасашыңыз керек:

  • Электрондук почтаңызды текшериңиз. Биздин жөнөткөн катыбызды ачыңыз, анда аккаунтуңузду активациялоочу шилтеме болот. Бул шилтемени басып, Чөйрөгө кириңиз.
  • Эгерде кат Спам папкасына келип калса, анда аны ошол жерден издеп табыңыз.
  • Эгерде электрондук почтаңызга кат келбесе, анда биздин колдоо кызматына (azamat@toktakunov.com) кайрылыңыз. Биз сиздин аккаунтуңузду активдүү кылып коёбуз.

Активдештирүү процесси өтө маанилүү, анткени бул сиздин аккаунтуңузду расмий түрдө иштетүүгө жана платформада коопсуздукту камсыз кылууга жардам берет. Почтага келген шилтеме аркылуу активацияны аяктагандан кийин гана, сиз толук иштөө режиминде платформаны колдоно аласыз.

Чөйрө 2024