Азамат Токтакунов — жеке бренд?


  • Бөлүшүү Pinterest

Саламатсыздарбы! Менин виртуалдык үйүмө куш келиңиздер, төргө өтүңүздөр. Сиздер менен бул жакта өз ойлорумду бөлүшүп, алып бара жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат берип, IT жаатындагы жаңылыктар, тренддер, өзгөрүүлөр тууралуу кеп козгоп, мага кызыктуу болгон көрүнүштөрдү жазып, айтып, тартып, көрсөтүп турам.

Мен киммин? Эмне үчүн кичине болсо дагы сүйлөп, тажрыйбам менен бөлүшө алам? Мен IT-адисмин жана коомдук ишмермин. Кыргызстанга, кыргызстандыктарга жана кыргызча сүйлөгөн мекендештерге пайдалуу, жаңы технологияларды колдонуп, онлайн продуктуларын жасайм жана башкаларга жардам берем. Сайт жасоо – бул менин негизги кесибим жана аны мен 2007-жылдан бери ийгиликтүү аркалап келем. Ар түрлүү тапшырманын негизинде 500гө жакын долбоорго катышып, ушул күнгө чейин бул чөйрөдө ири тажрыйба топтой алдым.

Короодо 2022-жыл, менин жашоомдо компьютер 2002-жылдардан баштап бар. Ал эми акыркы 15 жылда профессионалдуу түрдө адис катары иштейм.  Көп киши тааныйт, андан дагы көбү тааный элек. Акыркы эки жылдын ичинде пандемиянын айынанбы, кыргыз тилдүү интернет кыйла өзгөрүп, ал жакта менин активдүү катышуум жана салымым дагы болуп жатат деп эсептейм.

Эми ошого жараша, жеке бренд түзүп, иштеп, катышып, жардам берип, айтып жаткан нерселерди бир жерге чогултуп, сиздерге улам-улам четинен көрсөтүп турсамбы деген ой менен бул сайт ачылды.

Ошондуктан, инстаграм, фейсбук жана телеграм баракчама жазылыңыздар, сайтка баш багып, макалаларды окуп, фидбек берип туруңуздар.

Кызыктын баары алдыда!