«Кыргызстанга жардам берем десең, жаштарына билим бер же колуна керектүү курал бер»!


  • Бөлүшүү Pinterest

Мен кыргызстандагы жердештерди аралыктан санариптик кесипке үйрөтүп жаткан «Жылдыз Академиясына» кошулуп, менторлук кылганыма бир жылга жакын убакыт болуп калды. Анын ичинде ал жерде окуган окуучулар менен “learning by doing” методдору аркылуу «Келечек» жана «Күз демилге» деген кыргыз тилинде ар түрдүү социалдык долбоорлорду жасадык. Долбоордун катышуучулары ар кандай жаштагы кыргыздын улан-кыздары, агалар-эжелер, көп балалуу кожойкелер, улгайган апалар-аталар, дүйнөнүн булуң бурчунда эмгектенген мигранттар… Ошого жараша, алар ар кандай жашоо-шартында жашаган адамдар эле: бири айылда же шаардын жаңы конушунда бир батирде 3-4 баласы менен жашаган, биздин окууга көр оокаттан араң-араң колу бошоп катыша алган жаш эне, экинчиси электр жарыгынын кубаты аз аймактагы жаш окуучу, дагы биринин интернети үзгүлтүккө көп учураса, андан башкасынын окуганга ылайыктуу же телефону, же планшети, же ноутбугу жок; же болбосо эптеп тапкан ноутбугу сабак учурунда катып калып, же көпкө чейин ачылбай, ачылса андан ары жүрбөй же өчүп калат болот. Бизге «жокчулугун» уялып ачык айта албай, тапшырманы аткара албаганына ар кандай шылтоо айтканы канча дейсиңер..

Бүгүн «Келечек» долбоорунда сүйлөшүүлөр жүрүп, долбоордун бир катышуучусу Жаркынай Шабданбекованын жазган конспектисине күбө болдук. Ал ноутбугунун жоктугуна карабастан HTML/CSS коддорун кол менен дептерге жазып, болгон аракетин жасап, курстан калбай, баштапкы программалоо тилдерди окуп үйрөнгөн. «Жылдыз Академиясынын» социалдык баракчаларында жайылган бул кол жазма көргөн адамдын бир чети жүрөгүн оорутса, экинчи жагынан аны таң калтырат. Эмне үчүн? Техниканын жетишкен доорунда, арышын кенен таштаган санариптештирүү заманында, 2022-жылы эгемендүү мамлекетте билимге дилгир, акылдуу, аракетчил жаш кыздын колунда окууга тиешелүү, учурдун элементардуу аспабынын жоктугу үчүн! Ошого карабай ар бир кодду жана мугалимдин оозунан чыккан ар бир сөздү эрикпей колго жазып, берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, санариптик билимге умтулган жаш кыздын аракетине ким гана баа бергиси келбейт! Кээ бир адамдар баа менен таң эле берип тим болбостон, «Аракет кылганга берекет» дешип, «Келечектин» студенттеринин демилгеси менен, атайын эсеп ачылып, Жаркынай Шабданбековага ноутбук үчүн каражат топтой башташты. Бар болгула биздин жигердүү, билимдүү жана ынтымактуу жаштарыбыз! Силерге таазим!

Бул мисал менен мен силерге эмнени айткым келет? Биз келээрки айларда жана жылдарда «Келечек» сыяктуу долбоорлорду сөзсүз улантабыз. Жакын арада 3000ден 5000ге жакын кыз-келиндерге жана айымдарга санариптик билим берүү үчүн дүйнөнүн ар тарабындагы кыргызстандык IT-адистери тарабынан иштелип чыккан «Чырак» долбоору ишин баштайт. Арасында өйдөдө сүрөттөп кеткендей, ар түрлүү жашоо шартындагы, мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары чектелүү, бирок «окусам» дегенде ак эткенден так экен окуучулардын саны арбын болот. Аларга сырттан материалдык жардам керек!

Ошондуктан урматтуу чет жерлерде, айрыкча Европа өлкөлөрүндө жашап жана иштеп жүргөн жердештер, силер бул жердеги техникалык жабдуулардын стандартын, аларды белгилүү бир мөөнөттө жаңылануусун жана алардын таштандыга кеткендеги чыгашасы тууралуу кабардарсыңар. Силерден өтүнүч: кыргызстандагы жердештерибиз жана алардын келечеги үчүн ушундай учурлардан пайдаланып, болгон аракетибизди жумшасак. Бир кезде «Бир адамдан бир дивайс» деп башталган демилгени эми «Чырак» билим берүү программасы үчүн улантсак жана айрым активист жердештерибиздин иш-аракеттерине ар тараптан көмөк көрсөтсөк кандай дейсиңер!? Долбоордун жетекчилери тиешелүү расмий кагаз-документтерди берүүгө даяр. Биз жиберген ноутбуктар менен миңдеген жердештер билим алып, долбоорлорду аткарып, өздөрүнө жаңы ноутбук сатып алып, артканын кийинкилерге бергенге макул. Силердин колдооңорго, тилектештигиңерге жана билим алдында биригип, билим менен өнүгүү максатыңарга терең ишенемин.

Сөзүмдүн аягында дагы бир нерсени кыстарып кетсем: Биздин «элим» жана «билим» дегенде бардык аракетин жасаган кадырлуу замандашыбыз Махабат Садырбек он беш жылга жакын мекенибиз үчүн ар кандай кайрымдуулук иштерин жасап келип, анын баарын төмөнкү бир сүйлөм менен жыйынтыктаган эле: «Кыргызстанга жардам берем десең, жаштарына билим бер же билим ал деп колуна керектүү курал бер!» Бул сөздөр мени абдан таасирленткендиктен, муну мен тема катары койдум. Урматтуу жердештер, учурдун өлкөбүзгө тиешелүү жардамы азыр так ушундай!

https://www.instagram.com/p/CZDwuzqJzLo/