Кыргызча психология


  • Бөлүшүү Pinterest

2020-жылы жаңы Конституцияга каршы петиция, StopReferendum долбоорун жасап жүргөндө көп активист адамдар менен тааныштым. Алардын арасында Зейне Кудайбергенова дагы бар болчу. Кийин Баткен окуясында алыста отуруп, кантип жардам берсек болот, пандемия убагында #jardamForKG тажрыйбасын колдонуп, иштерди баштайлы деген кезде, #jardamForBatken долбоорун психологдор менен бирге түздүк. Ошол кезде Зейне менен биргеликте активдүү иштеп, IT жана психология жаатын кошуп, баткендиктерге бекер онлайн-консультация системасын жасаганга активдүү катышканбыз. Айта кетчү нерсе, албетте баарына экөөбүз жетишпейт болчубуз. Командада ошол убакытта “Clubhouse Кыргызстан” долбоорун чогуу жасап жаткан, активдүү жараныбыз Айжан Кубакаева жана Айгүл Сагын бар болчу.

Кыргыз тилиндеги долбоорлорду жасоо, негизи эле өз жашоомду өз колума алып, аң-сезимимдин өзгөрүү процесси психология илимине жана ошол жөнүндө китептерди окуп, изденүүдөн башталган. Жашоодогу оор процесстер, кыйналган кездерде психологдун жардамы жок болгондуктан, кыйла узак жол менен өзүмө келген күндөр дагы өткөн. Оор шарттарга келгенде, көйгөйлөр менен бирге жалгыз калбастан, жардам сурай турган профессионал адамдарды таанысам, же болбосо алардын интернетте бир тизмеси болсо, кайрылып же чала кала тургандай жер болсо деп ойлончумун.

Ырас, Зейне өзү Францияда психолог. Биз иштешип жүргөн кезде, Кыргызстандагы психологдордун жабык группасын ачып, алар менен бир система жаратайын деп чуркап жүргөн кези экен. Менин ойлорумду айтып, изденүүлөрүм менен бөлүшүп, ошол замат чогуу иштей турган учур келип калды. Атайын домен сатып алып, биринчи Instagram баракчасына кыргызча макалаларды жазып турууну сүйлөшүп ишти баштаганбыз.

Бүгүн команданын ичинде иш процесстерин сүйлөшүп, аларды оптимизациядан өткөрүп, ар кандай жумшак көндүрүмдөрдү киргизип, дизайнер менен психологдордун ортосундагы коммуникация түзүү аракеттери жүрүп жатат. Байкагандай, командага жардамчылар кошулду. Акыркы ”Күз демилге” долбоорунун натыйжасында Айпери Абдыгазы кызы, Гүлназ Алагозова, Дарыгүл Абдыкул кызы дизайн бөлүмүнө кошулса, Жанара Жапарова корректура кылып атат. Аны менен бирге текст жазуу жагынан дагы көбөйдүк. Эмиль Сагынбаев жана Алтынбек Качкын уулу Кыргызстандан кошулуп иштерди улантып атышат.

Албетте бул жаңы башталышы, алдыда дагы көп жумуш бизди күтүп турат. Психологдордун санын көбөйтүү, онлайн-курстарды ачуу, каталогдорду жасоо, макалаларды жаратуу, подкаст жана видео. Каржы маселеси дагы ортодо ачык. Спонсор жана партнёрлорду издөө, монетизация маселелери дагы ачык. Күнүгө, акырындык менен психикалык ден-соолугубузду сактоону эске алып жыла берсек, алдыда көптөгөн кызыктуу нерселер бизди күтүп турат деп ишенем.

Instagram: https://www.instagram.com/kgpsycom/

Facebook: https://www.facebook.com/kgpsycom

Сайт: https://kg-psy.com/