Күз демилге


  • Бөлүшүү Pinterest

АКШда IT-адиси болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаева мени Жылдыз Академиянын Келечек долбооруна ментор катары чакырган. Башында ментор болуп, кийинчерээк студенттердин прогрессин көрүп, алар менен биргеликте Күз демилге IT  марафонун баштаганга чечим алдым.

Бул марафон онлайн форматта өтүп, дүйнөнүн төрт тарабында жашаган ар түр кесиптеги, ар кыл курактагы кыргызстандыктар катышты.  300 катышуучу менен 3 айда 30 реалдуу долбоорлор үстүндө иш алып баруу максатталган.

www.kuzdemi.com

IT Марафондо кыргыз тилине басым жасалып, кызыктуу, татаал жана ошол эле учурда пайдалуу иш-чаралар жүрүп жатты.

Марафонго карата Discordдо атайы сервер ачылып, катышуучулар өздөрү каалаган долбоорлорду тандап, серверде тайпаларга бөлүнүп, agile scrum ыкмасы менен тапшырмалар үстүндө иштеп, ар тараптуу такшалып жатышты. Күнүгө Daily кездешүү болуп, жакшы адаттарды орнотуу боюнча «эмне кылдык, эмне кылып жатабыз, эмне кылабыз жана кандай жагдайларга туш болдук» деп Standup өткөзүлүп жатты.

Notion, Trello, Miro платформаларын колдонуп, долбоорлор менен байланыштуу изилдөө,  тапшырма, протокол, документация,  презентациялар  даярдалып, 2 аптада бир жолу отчеттук спринт-ревьюлар жүрүп турду.

SMM, дизайн, контент толтуруу кандай болот экенин практика үстүндө изденүү, аналог сайттарды изилдөө, анализ жүргүзүү, брейншторм кылуу жана ушул сыяктуу кызыктуу тажрыйбалар топтолду.

Мындан сырткары марафондун катышуучулар менен дагы жакындан таанышып, алар менен маек куруу үчүн IT марафондун алкагында «Таңкы конок» түз эфир алып баруусу уюштурулду. Түз эфирге катышкан меймандар өздөрү жөнүндө кеп куруп, берилген суроолорго жооп берип, кызыктуу маектер курулду.

«Күз демилге» IT марафонунун негизги максаты жана көйгөйү — бул кыргыз тилине басым жасалып, кыргызча сүйлөгөн мекендештерге, дегиле кыргыз коомчулугуна арналган керектүү, пайдалуу, заманбап онлайн платформаларды, долбоорлорду жаратуу, колдонуучулардын назарына сунуп, таанымал кылып, эл арасына жайуу.

Натыйжада 3 айдык мөөнөттө медицина, тарых, экология жана айлана-чөйрө, IT тармак, чет өлкөдөгү кыргыздар жана диаспоралар, медиа, психология, кыргыз тилдүү подкаст жана контент, краудфандинг сыяктуу багыттар боюнча 30 долбоордун баардыгы болбосо дагы арасында өз нугун таап иштеп кеткен долбоорлор жаралды.

Азыркы учурда активдүү долбоорлор менен иштер уланууда.