Миграция кеңеши менен жолугушуу


  • Бөлүшүү Pinterest

Айтылгандай, Кажы-Кужу подкаст түз эфир өттү. Жаңы форматка жараша суроо-жооп жана маектешүү бөлүмү болду. Бул чыгарылышка МоМ сунуштаган мамлекет тарабынан Медер Рахман чакырылган болчу. Чынын айтсам, башында көптөр күткөндөй эле, менде дагы мамлекеттик ишкерлерге бир аз ишенбестик сезими бардай. Бирок ага карабастан подкаст өзү жаратман, позитивдүү маанайда жазылды. Медер мырза өзүнүн жашоосундагы кызыктуу окуяларды айтып берип, эмне үчүн бул кызматта иштеп жүрөт жана алдыда кандай пландар бар экени жөнүндө бөлүштү. Көбүнчө миграция темаларына токтолуп, коопсуз миграция көйгөйлөрү сүйлөшүлдү. Подкаст жакын арада даяр болуп, платформаларга чыгат. Ал эми бүгүн подкасттын өзүн жана суроо-жооп бөлүгүн көрөм десеңиздер биздин Patreon’го жазылыңыздар.

Кызыктуусу экинчи суроо-жооп бөлүмү болду. Бизди Zoom-дан угуп жаткан мекендештерибиз теманы жакшы түшүнүп, өз суроолорун беришти. Медер мырза саясатка көп аралаштырбай, суроолорго так жооп берип, биригүү темаларына басым жасады. Жолугушууга «BIZ» уюмунун негиздөөчүсү жана төрайымы Асель Сайран-Дамир катышып, ал эми суроолорду «BIZ» уюмунун негиздөөчүсү жана ардактуу төрайымы Махабат Садырбек берип жатты. Негизи эле Махабат айым диаспоралардын көйгөйүн жакшы түшүнөт. Жакында эле Караан долбооруна ага таандык “Германиядагы кыргыз диаспорасы жана уюмдар аттуу жакшы макала чыккан.

Сөздү KyrgyzBridgeGlobal президенти Кайрат Биримкулов өзүнө алып, көп жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн айтып, Швейцариянын тажрыйбасы жөнүндө бөлүшүп, мекендештер форуму тууралуу орчундуу суроолорду берди. Адаттагыдай, Чөйрө катышуучулары активдүү болуп, Алтынбек Касымов, Ырысгүл, Москвада жашаган мекендешибиз Эржан Жээнтаев ар кандай маселелер жөнүндө cөз козгоп, кызыктуу маек курдук.

Мекендештерди бириктире турган KGDiaspora платформасы керек экени дагы бир жолу далилденип, бул жылы боло турчу көптөгөн жолугушуулар пландашыла турганы белгиленди. Алдыда чет-жерде жүргөн миграциядагы жаштар, аялдар көйгөйлөрүн тагыраак билип, кандай маалыматтар, байланыштар же кызматтар керектүүсү жөнүндө дагы посттор жана жолугушуулар болот деп ишенем.

Кажы-Кужу Patreon аркылуу подкастты жана суроо-жооп бөлүмүн бүгүн көрүңүз — https://www.patreon.com/kazhykuzhu


Бул пост жана жолугушуу Швейцария Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан каржыланган жана МЭАУ (Миграция боюнча Эл Аралык Уюму) жана БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) менен биргеликте ишке ашырылган Туруктуу өнүгүү үчүн миграциянын потенциалын пайдалануу боюнча Глобалдык программасы.