Кажы-Кужу Live жана мекендештер менен жолугушуу


  • Бөлүшүү Pinterest

Кажы-Кужу подкаст башталганына толук эки жыл болду. Бүгүнкү күндө 40 тан ашуун подкаст чыкты. Ар кайсыл кесиптин ээлери, ар кандай мамлекеттен келип конок болуп кетишти. Подкастты миңдеген кишилер угуп, көптөгөн жакшы фидбектерди алдык. Жылдын аягында атайын чыгарылыш жасап, өткөн жылдагы жасаган иштерибизди эстеп, жыйынтыктарды чыгардык.

Сүйлөшүлгөндөй, жаңы барак ачып, өнүгүүбүздү улантабыз. Изденүү, текшерүү жолуна түшүп, өткөн аптада #44 подкастты JyldyzAcademy негиздөөчүлөрүнүн бири Олжобай Искандер менен бирге биринчи жолу подкастты түз эфирде өткөрүп, андан соң суроо-жооп форматында жаздырганбыз.

Эми болсо, өзүбүздүн арабабызды жалгыз сүйрөп жүрө бербестен мамлекет менен байланыш түзүү максатында, жаңы өнөктөштөр менен биргеликте кийинки #46 подкаст Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңештин Катчылыгынын жетекчиси — Медер Рахман менен өтөт. Ушуга байланыштуу сиздерди эки бөлүктө (биринчи подкаст форматында жазылган, мейман менен болгон сүйлөшүү, ал эми экинчи бөлүктө суроо-жооп форматында) өтө турган жолугушууга чакырабыз.

Жолугушууда бүгүнкү күндө Катчылыктын чет өлкөдөгү диаспоралар жана мекендештер менен бирге иш жүргүзүү тууралуу маектешип, oшондой эле диаспоралар менен натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн өкмөт тарабынан кандай иштер пландалууда? Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар? Ал эми бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча долбоорлорго, демилгелерге катышууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар сыяктуу темалар жөнүндө баарлашуу күтүлөт.

22.01.2022, Бишкек убактысы менен саат 14:00

Zoom-шилтеме: https://us06web.zoom.us/j/84314322627?pwd=TkVLWWhLT0ZHU0FBTTFLVFVyTFN3UT09


Швейцария Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан каржыланган жана МЭАУ (Миграция боюнча Эл Аралык Уюму) жана БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) менен биргеликте ишке ашырылган Туруктуу өнүгүү үчүн миграциянын потенциалын пайдалануу боюнча Глобалдык программасы.