Адам сатуунун курмандыгынын окуясы


  • Бөлүшүү Pinterest

Чындап келгенде, менин жолум ачык экен. Жашоодо канчалык кыйналган учур болсо дагы аягы жакшылык менен бүтчү. Анын үстүндө жаңы маалымат технологиялар доорунда төрөлүп калып, өз шыгымды колдонуп, иштеп кеттим. Ошого карабастан, Бишкекте жашап жүргөн кезде кандайдыр бир окуялар болгон.

Биринчи жолу машина алган кезим, көп иштеп, бир аз акча топтоп, “ушунча жашап жүрүп, бир дагы жолу чет-өлкөгө чыга элек экенмин” деп, келинчегимдин туулган күнүнө Казахстандын Алматы шаарын көрүп келели деп калдык. Баарын даярдап алып, жөнөдүк. Жакшы жеттик, бактылуубуз. Анан башталды. Mашинаны милиция тосуп алып, “наклейканы туура эмес чаптаптырсыңар, силерди камайбыз” деп акча сурап, кийин Медеу жака бара жатсак “туура эмес линиядан өтүп кеткенсиңер” деп акча сурады. Аягы эки-үч күн өткөрүп, үйгө кайтып келе жатканда чек-арадан өткөрбөй, милиция кызматкери машинага түшүп алып, аңтарып, акчаны тартып алат. Иши кылып, үйгө келгенде биздин милиция кызматкерлерин көргөндө абдан сүйүнгөнбүз.

Албетте, Германияда Евросоюз ичинде болгондуктан, чек-аралары ачык. Эч ким тоспойт. Машинага отуруп алып, каалаган жагыңа кете бересиң. Бирок жаңы келгенде кээ бир шарттарын билип албасаң, чоң штраф төлөйсүң. Аягы, тажрыйбаң толгондо, законду билип, түз жашаганды үйрөнөсүң дагы жашоо жеңилдейт. Бирок ага карабастан, Германияга дагы жайында үч айга иштейбиз деп Кыргызстандан көп мигранттар келет. Тил билишпейт, аларды талаа жумуштары күтүп турган болот. Кээ бирлери эрте келип, үйлөрү жок талаада калып калса, башкалары контракт туура эмес окуп алып, чыр-чатак чыгып, нааразы болуп үйлөрүнө кайтышат. Аларга биздин жердештер жардам берип жүрүшөт. Бир жолу бир кыргыз байке “мен түрмөгө түшүп калдым, жардам берчи” деп суранганда, биздин элчиликке чалып, байланыштырган болчумун.

Миграция боюнча Эл Аралык Уюму менен бирге иштегенден баштап, коопсуз миграция, кантип адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо керек деген темаларды изилдей баштадым. Ал жерде адам сатуунун курмандыгы жөнүндө окуялары көп экен. Ырас, каналында пайдалуу видеолор даярдап коюшуптур. Сиздер дагы жазылып, чет-өлкөдөн жумуш издеп жаткан болсоңуз, сак болуңуз! Өзүңүздүн укуктарыңызды билип алыңыз!

Мигранттар үчүн атайын ишеним телефондору: 1899, 0 800 0000 189 же болбосо “Справочник мигранта” деген Тиркемени көчүрүп алыңыз.


Швейцария Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан каржыланган жана МЭАУ (Миграция боюнча Эл Аралык Уюму) жана БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) менен биргеликте ишке ашырылган Туруктуу өнүгүү үчүн миграциянын потенциалын пайдалануу боюнча Глобалдык программасы.