Айланада баары башаламан болуп турганда кантип жашоо керек


  • Бөлүшүү Pinterest

Өткөндө жумушка бир профессор келип, “Бактылуулук” жөнүндө эки саат айтып берди. Ал бөлүшкөн ойлорду кыскача сториске чыгарсам, жеке баракчага бактылуу болууга эмне жетишпейт жөнүндө жооптор келди. Эң негизгиси — туруктуулук жана эртеңки күндө жакшы нерсе болооруна ишеним. Ооба, бул түшүнүктүү, дүйнөдө жана Кыргызстанда акыркы жылдары эмне болуп жатканын эске алсак, андан ары эмне болоорун элестетүү коркунучтуу. Мындай шартта кантип бушайман болбой, бактылуу болуш керек?

Эртең дагы эмне болуп кетээри белгисиз болуп калды

Эми бул нерсени кабыл алыш керек. Бутубуздун астында бекем жер жок, күнүгө ызы-чуу жана бул жаңы нормалдуу көрүнүш. Баары бүтүп, мурункудай болушун күтүүнүн кереги жок. Азыр биз ушинтип, коогалаңдуу доордо жашап жатабыз. Муну кабыл алганыбыз менен белгисиздик чындыкка айланат, демек аныктык, туруктуу системага айланат.

Дал келсек жакшы болмок

Белгисиз кырдаалда бактылуу жана туруктуу жашоо үчүн, биз өзүбүз да ага окшош болушубуз керек: ийкемдүү, мобилдүү, аракеттүү. Ооба, жашоону пландаштырыңыз. Пландарды өзгөртүүгө даяр болуңуз. Бардык учурларда өзүңүздү камсыздандырыңыз.

Өзүңүздүн таянычыңызды түзүңүз

Өзүңүздүн стабилдүүлүк аралыңызды түзүп, ага кармануу жакшы идея. Тартипти сакта, тартип сени сактайт. Бул тартип аралы кандай гана жагдай болбосун, сиздин колдооңуз болот.

Жан дүйнөңдүн тынчтыгы үчүн эмне керек:

  • сиздин жеке адаттарыңыз, ырым-жырымдарыңыз, күнүмдүк иштериңиз, дегеле жашоо образыңыз
  • натыйжалуу иштөө көндүмдөрү, ошондо гана сиз тапшырмаларды аткара аласыз, натыйжаларды бере аласыз жана каалаган шарттарда акча табуу маселеси чечилет
  • баары сенден көз каранды эмес, бирок сага көз каранды нерселерди жасаш керек
  • максаттарды коюу, аларга жол ачуу жана кичинекей кадамдар менен кыймылдай билүү
  • сизди колдогон жана түшүнгөн адамдар
  • мотивация, бирок бир жумадан кийин жок болуп кете турган нерсе эмес, ички дүйнөң менен сезген, ичиңден чыккан мотивация болуш керек.

Эгерде сиз бактылуулукка бир нерсе жетишпей жатканын сезсеңиз жана жашоо кыйындап бара жатса, анда токтоп, өйдө жакта жазылган ойлорду дагы бир жолу окуп, жашооңузду анализдеп, өзүңүздүн ички дүйнөңүздү угуп, максат коюп, план түзүп, айлана чөйрөдөгү болуп жаткан нерселерди кабыл алып, алдыга умтулуңуз!

Сизге ийгилик каалайм, замандаш!